Чалууга өтүнүч

    Төмөнкү маалыматтарды толтуруңуз, өзүбүз чалып, суроолоруңузга жооп беребиз

    Please prove you are human by selecting the house.

    Терминдер жана аныктамалар

    «Элдик турак жай компаниясы» Турак жай-сактык кредиттик компаниясы» ААК – мындан ары «ЖСКК» деп аталат

    Турак жай-сактык аманатыКатышуучулар тарабынан турак жай-сактык аманат Келишиминде аныкталган мөөнөткө жана шарттарга ылайык Компаниянын эсебине салынган улуттук валютадагы акча каражаттар суммасы. 

    Башкы макулдашуу – турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминин негизги шарттарын жана кредит берүүнү камтыган Компания жана Катышуучу ортосунда түзүлгөн макулдашуу.

    Турак жай-сактык аманат келишими – Компания жана Катышуучу ортосунда түзүлгөн келишим, анын негизинде, Катышуучу Башкы келишимге ылайык кредит алуу үчүн Компаниянын эсебинде өздүк акча каражаттарынын белгиленген суммасын топтойт.  

    Келишим суммасы – Катышуучунун турак жай шартын жакшыртуу иштери үчүн жумшалуучу акча каражат суммасы, бул сумма чогулган турак жай-сактык аманатынын, ага эсептелинген пайыздын жана Компаниядан берилүүчү кредиттин суммасынан турат.

    Баалоо көрсөткүчү – Башкы макулдашуунун жана Турак жай-сактык аманат келишиминин шарттарына жана Катышуучунун тандаган продуктусуна ылайык, келишим суммаларын төлөп берүү кезегин түзүү үчүн Компания тарабынан аныкталган эсептөө өлчөмү.  Баалоо көрсөткүчү ар бир аманатка өзүнчө аныкталат.

    Турак жай шартын жакшыртуу иштери:

    • көп кабаттуу турак үйдөн батир же жер тилкеси менен жеке турак үй сатып алуу;
    • жеке турак үй куруу;
    • ремонт, кеңейтүү, кайра куруу же үйдү модернизациялоо (курулуш материалдарын сатып алуу, курулуш иш акысын төлөө ж.б. дагы кирет);
    • инфраструктуралык жана башка турак жайды жана жер тилкесин жакшыртуу иштери.

    Топтолгон акчалардын минималдуу зарыл өлчөмү – Башкы келишимге ылайык кредит алуу үчүн зарыл болгон, турак жай-сактык аманат Келишиминин шарттарына ылайык турак жай сактык аманатынын жана ага эсептелинген пайыздын суммасы.  

    Топтоо мөөнөтү – Катышуучу тарабынан турак жай-сактык аманатын (депозитти) топтоо мөөнөтүн камтыган мезгил аралыгы.  

    Турак жай кредити – Башкы келишим жана Турак жай-сактык аманат келишимине ылайык акча-каражаттарын толук топтогон учурда  мөөнөттүү, төлөө, кайтаруу, максаттуу пайдалануу жана камсыздоо шарттарында Кредиттик келишимдин шарттарына ылайык Компания тарабынан Катышуучуга турак жай шартын жакшыртуу иштерине сунушталуучу узак мөөнөттүү каржылоо.

    Кредиттик келишими – Башкы келишимдин шарттарына жана Компаниянын ички талаптарына/эрежелерине ылайык насыя алуу үчүн Компания жана Катышуучунун ортосунда түзүлгөн келишим.

    Көп берилүүчү суроолор

    «Элдик турак жай компаниясы» турак жай – сактык кредиттик компаниясы» Ачык Акционердик Коому Кыргызстандын жарандарына акча каражаттарын топтоо, андан кийин турак жай сатып алууга же курууга жеңилдетилген пайыздык чен менен ипотекалык кредит алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында түзүлгөн.

    Кыргыз Республикасында ипотекалык кредиттөөнү өнүктүрүү максатында Мамлекеттик ипотекалык компания ААК (уставдык капиталдын үлүшү 99,99% түзөт) Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ААК менен биргеликте (уставдык капиталдын үлүшү 0,01% түзөт)  2020 – жылдын 14 – майында 105010000 (жүз беш миллион он миң) сом өлчөмүндөгү уставдык капиталы менен «Элдик турак жай компаниясы» турак жай сактык кредиттик компаниясын (ТЖСКК) каттоодон өткөргөн. «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» жана «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик программаларынын алкагында келишимдик турак жай аманатын топтоо механизмин ишке ашыруу – Компаниянын негизги милдети.

    Келишимдик турак жай аманатын топтоо механизми – бул турак жай сактык кредиттик компаниясында ачылган эсеп счетунда акча каражаттары алдын ала топтолгондон кийин турак жай сатып алуу/салуу же турак жайды жакшыртуу максатында арзан пайыз менен кредит берүү.

    «Элдик турак жай компаниясы» турак жай сактык кредиттик компаниясы биздин өлкөдө узак мөөнөттүү келишимдик турак жай аманаттарынын механизмин ишке ашыра турган биринчи жана азыркы учурда жалгыз финансылык мекеме. Турак жай аманаттарын топтоо системасы жарандардын акча каражаттарын турак жай аманаттарына тартуу жана кийин аларга турак жай кредитин берүү, жана калк арасында каражат топтоо маданиятын түзүү, ошондой эле финансылык туруктуулукту камсыз кылуу аркылуу калктын турак жай шарттарын жакшыртууга багытталган.

    Башкы келишимди жана Аманат келишимин түзөөрдө келишимдик сумманы, аманаттын топтоо мөөнөтүн, алгачкы төлөмдүн суммасын жана ай сайын толуктоо суммасын аманатчы өз мүмкүнчүлүгүнө жана каалоосуна жараша аныктайт. Аманаттын валютасы – сом. Келишимге ылайык, жылдык 3% өлчөмүндөгү салымга сый акы чегерилет (эсептелинет).  Аманаттын минималдуу мөөнөтү 36 ай (3 жыл), максималдуу мөөнөтү – 120 ай (10 жыл).

    Турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн керектелүүчү сумманын 50% ын топтогондон кийин, аманатчы керектүү сумманын калган 50% на турак жай кредитин алат.

    Кредит алуудан баш тарткан учурда, аманатчы Компаниядан өзү топтогон акчанын толук суммасын, ошондой эле чегерилген пайыздардын суммасын кайтарып алууга укуктуу.

    «Элдик турак жай компаниясы» турак жай сактык кредиттик компаниясынын аманатчылары өзүнүн наамында турак жайдын бар болушуна же жоктугуна, ошондой эле кардарлардын кайда иштээри жана ишмердүүлүгүнүн түрүнө карабастан, арзан, жеткиликтүү пайыздык чен менен турак жай кредитин алуу аркылуу турак жай сатып алуу жана турак жай шарттарын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

    Коммерциялык банктардын депозиттик пайыздык чендери жогору болгондугуна байланыштуу, ипотекалык кредиттердин пайыздык чени да, биздин Компанияга салыштырмалуу 2-3 эсе жогору.

    «Элдик турак жай компаниясынан» турак жай насыясын арзан пайыз менен алуу үчүн төмөнкү аракеттер жасалат:

    • Башкы макулдашуу документин түзүү;
    • Турак жай сактык аманат келишимин түзүү;
    • Башкы макулдашууда көрсөтүлгөн келишимдик суммасынын 50% ын топтоо;
    • 36 ай минималдуу топтоо мөөнөтүн сактоо; аманатчынын салымынын суммасына жылдык 3% өлчөмүндө сый акы чегерилет;
    • минималдуу баалоо көрсөткүчүнө жетүү.

    Баалоо көрсөткүчү – келишим суммаларын бөлүштүрүү кезегин түзүү үчүн Компания тарабынан аныктала турган эсептөө өлчөмү.

    Турак жай шарттарын жакшыртууга гана берилет:

    • турак жай сатып алууга;
    • турак жайды ремонттоого жана модернизациялоого (курулуш материалдарын сатып алуу, куруучулардын эмгек акысын төлөөгө);
    • жеке турак жай курууга (жер тилкесин сатып алуу, курулуш иштерин жүргүзүү).

    Аманатчы келечекте үй-бүлөсү үчүн сатып алгысы келген турак жайдын түрүн, параметрлерин өзү  аныктайт. Сатып алынган турак жай же жер тилкеси Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашышы керек.

    «Элдик турак жай компаниясы» турак жай-сактык кредиттик компаниясынын кардары болуу оңой жана жеңил. Баштоо үчүн, сиз биз менен Башкы макулдашуу түзүшүңүз керек, турак жай сактык аманат келишимин түзүп, алгачкы салымды төгүшүңүз керек. Бул учурда, кардардын жанында паспорту (ID карт) болуш керек.

    Турак жай сактык аманатын толуктоо жолдору:

    Турак жай сактык аманатын Аманатчы улуттук валютада Компаниянын эсеп счетуна толтуруу/которуу жолу менен төмөндөгү реквизиттер аркылуу толуктаса болот:

    recvisit_icon_njk

    Алуучу: «Элдик турак жай компаниясы» турак жай сактык кредиттик компаниясы» ААК
    Банк: «Айыл Банк» ААК
    Эсеп счету: №1350110024301847
    БИК: 135002
    Төлөмдүн максаты: Аманатчынын фамилиясы, аты, атасынын аты (толугу менен) жана ИНН

    • Алуучу: «Элдик турак жай компаниясы» турак жай сактык кредиттик компаниясы» ААК
    • Банк: «KICB» ЖАК
    • Эсеп счету: №1280016055059536
    • БИК: 128001
    • Төлөмдүн максаты: Аманатчынын фамилиясы, аты, атасынын аты (толугу менен) жана ИНН
    1. Элсом тиркемесин телефонуңузга көчүрүп алыңыз
    2. Регистрациядан өтүү
    3. Ылдыйкы менюдан «Кызматтар» командасын басыңыз
    4. «Кызматтар» бөлүгүнөн «Финансы» баскычын басыңыз
    5. ААК “ТСКК “Элдик турак-жай компаниясы” Салымын Толуктоо баскычын тандаңыз
    6. «Жеке эсеп» сызыгына Аманатчынын ФАА жана ИНН номерин териңиз
    7. «Сумма» деген жерине толуктай турган суммаңыздын сан менен тересиз

    Элсом электрондук капчыгы аркылуу аманатты толтуруу жолун видеодон көрүңүз

    1. «Элсом KICB» тандаңыз
    2. «Главное меню» тандаңыз
    3. «Финансовые услуги и электронные кошельки» деген баскычты тандаңыз
    4. ААК “ТСКК “Элдик турак-жай компаниясы” Салымын Толуктоо тандаңыз
    5. Аманатчынын ИНН териңиз
    6. Фамилия, аты, атасынын аты терилет
    7. Накталай акча каражат салысыз
    8. «Оплатить» баскычын тандаңыз
    9. Төлөм жөнүндөгү квитанцияны алыңыз

    Россия Федерациясында эмгектенген мекендештер үчүн

    1. BTB Express колдонмосун орнотуңуз
    2. Телефон номери менен кириңиз
    3. Негизги менюдан Кызматтарды тандаңыз
    4. “Ак босого турак жай депозитин толуктоо” тандоо
    5. Карта кошуу
    6. Төлөөчүнүн ИННин киргизиңиз
    7. Фамилиясын, атын, атасынын атын кириллица менен жаз
    8. “Улантуу” баскычын чыкылдатыңыз
    9. Эсептен чыгаруунун суммасын көрсөтүңүз. Валюта автоматтык түрдө конвертацияланат
    10. Дайындарды текшерип, ырастаңыз
    11. 3DS кодун киргизиңиз