Чалууга өтүнүч

    Төмөнкү маалыматтарды толтуруңуз, өзүбүз чалып, суроолоруңузга жооп беребиз

    Please prove you are human by selecting the plane.

    «Элдик турак-жай компаниясы» Турак жай сактык кредиттик компаниясы» Ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» жана «Менин үйүм 2021-2026» программаларында көрсөтүлгөн контракттык турак жай аманаттарынын механизмин ишке ашыруу аркылуу Кыргыз Республикасында турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн.

    «Элдик турак-жай компаниясы» Турак жай сактык кредиттик компаниясы» өлкөбүздө турак жай сактык кредиттик системасын ишке ашыра турган жалгыз Компания. Турак жай сактык кредиттик системасы аманатчылардын акча-каражаттарын турак жай депозиттерине тартуу жана аларга турак жай насыяларын берүү аркылуу калктын турак жай шарттарын жакшыртууга багытталат.

    «Элдик турак-жай компаниясы» турак жай сактык кредиттик компаниясынын ишмердүүлүгү өлкөбүздөгү маанилүү социалдык жана экономикалык максаттарды ишке ашырууга багытталган:

    • Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жашаган орто жана аз кирешелүү жарандарына акча-каражаттарын чогултуу мүмкүнчүлүгүн берүү жана кийин турак жай сатып алууну же курууну каржылоо үчүн жетиштүү өлчөмдө кредит берүү;
    • жарандардын көпчүлүгү үчүн аманат топтоо жана жеңилдетилген пайыздык чендер менен ипотека алууга жеткиликтүү шарттарды түзүү;
    • финансы системасын жакшыртууга, инфляция тенденциясын төмөндөтүүгө жана каражаттарды турак жай секторуна багыттоого салым кошуу;
    • коммерциялык банктарга салыштырмалуу арзандатылган пайыздык чендер менен ыңгайлуу, узак мөөнөттүү турак жай кредиттерин берүү.

    Компаниянын акционерлери болуп Мамлекеттик Ипотекалык Компания жана Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму болуп саналат, бул компаниялар өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан негизделген.

    Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы компаниянын ишин көзөмөлдөйт жана жөнгө салат. Улуттук банктын лицензиясы 2021-жылдын 06-январында берилген.

    «Элдик турак-жай компаниясы» 2021-жылдын 29-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо системасынын мүчөсү болуп саналат, аманатчылардын аманаттары «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндөгү» КРнын мыйзамына ылайык корголот.