«Элдик турак жай компаниясы» турак жай сактык – кредиттик компаниясы 8 же андан арзан жылдык пайыздык чен менен турак жай насыясын алуунун өзгөчө жолун сунуштайт!
КАНТИП АЛСА БОЛОТ?
Максатыңызга жетүү үчүн болгону 3 кадам:
- «Элдик турак жай компаниясынан» аманат эсебин ачыңыз
- Кыймылсыз мүлктүн наркынан 50% топтоп, калган 50% ипотекалык насыя ирээтинде алыңыз;
- Үй сатып алыңыз же кыялыңыздагы үйдү куруңуз.
Ал эми турак жай кредитин жылына 8% жана андан төмөн ставка менен аласыз
Кредитке турак-жайды өлкөнүн каалаган аймагынан сатып алууга же курууга болот.
"Босого" ипотекалык продуктунун негизги параметрлери:
- Чогулган пайыздарды эсепке алуу менен топтолгон каражаттардын минималдуу талап кылынган суммасы турак жайдын наркынын 50% түзүшү керек.
- Минималдуу топтоо мөөнөтү – 36 ай.
- Финансылык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен жекече топтоо графигин түзүү.
- Баа берүү көрсөткүчүнүн (БК) минималдуу деңгээлине жетүү.
- Турак-жай жана аманат келишими түзүлгөн күнү алгачкы төлөмдү жүргүзүү зарыл.
- Жылына 3% өлчөмүндө аманат боюнча сый акы чегерүү каралган.
Жогорудагы шарттар аткарылса, жылдык 6%дан 8%га чейин жана андан төмөн турак жай насыясын ала аласыз:
Аманаттын мөөнөтү | 3 жыл | 4 жыл | 5 жыл | 6 жыл | 7 жыл |
Аманаттын пайыздык чени | 3% | 3% | 3% | 3% | 3% |
Кредиттин максималдуу мөөнөтү | 15 жыл | 15 жыл | 15 жыл | 15 жыл | 15 жыл |
Кредиттин пайыздык чени | 8% | 7.5% | 7% | 6.5% | 6% |