Чалууга өтүнүч

    Төмөнкү маалыматтарды толтуруңуз, өзүбүз чалып, суроолоруңузга жооп беребиз

    Please prove you are human by selecting the key.

    2022-жылдын 6-7-8-майында Россия Федерациясындагы Кыргыз диаспорасынын кеңешинин колдоосу менен «Expo Development 2022» аталыштагы Кыргызстандын кыймылсыз мүлк көргөзмө-жарманкеси Москвадагы «Технополис Москва» өзгөчө экономикалык аймагынын конгресс борборунда болуп өттү.

    Бул иш-чарага «Ак-Босого» турак жай-сактык кредиттик компаниясы Мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте катышты. Чет жакта иштеп жүргөн мекендештерибиздин басымдуу бөлүгү турак-жай шартын жакшыртуу максатында эмгектенип жүрүшөт. Бул факторду эске алуу менен биздин компания мигранттарыбызга ипотекалык насыя алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды сунуштайт.

    Жарманке-көргөзмөнүн биринчи күнү компаниянын жетекчисинин м.а. Усупова А.Т. турак-жай насыясынын шарттары боюнча баяндама жасады. Көргөзмөнүн жүрүшүндө насыя берүү шарттары боюнча мекендештерибизге жекече консультациялар жүргузүлүп, турак-жай сактык аманаттарын ачуу жөнүндөгү келишимдерге кол коюлду.

    Документация по закупке: